Октябрь районуна жаңы аким дайындалды

2-июлда Октябрь райондук администрациясынын башчысы Максим Ситников ден соолугуна байланыштуу кызматынан бошотулган.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрациясынын башчылыгына Азамат Дороев дайындалды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Тиешелүү буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койду.

Балбак Түлөбаевдин мэриядагы ордун 31 жаштагы Адилет Малдыбаев ээледи

Эске салсак,  2-июлда Октябрь райондук администрациясынын башчысы Максим Ситников кызматынан бошотулган.