Торонто биржасында Centerra Gold Inc. компаниясынын акциясы кымбаттады

Кыргызстандын аталган компаниядагы 28.8 пайыз үлүшүнөн түзүлгөн акциялар пакети кечээки сооданын жыйынтыгы боюнча 964 948 782 долларга чейин көтөрүлдү.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Кыргызстандын үлүшү бар канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынын акциясы Торонто биржа фондунда 3.48 пайызга өстү. Бул тууралуу финансы темасын чагылдырган Yahoo Finance порталы жазды.

Акыркы соода сессиясы аяктаган учурда компаниянын бир акциясынын баасы 12.47 доллар деп бааланган. Бир күн бою Centerra Gold Inc. акциялары 12.18 доллардан 12.54 долларга чейин бааланып жатты.

Кыргызстандын аталган компаниядагы 28.8 пайыз үлүшүнөн түзүлгөн акциялар пакети кечээки сооданын жыйынтыгы боюнча 964 948 782 долларга чейин көтөрүлдү.

Былтыр Кыргызстанда канча алтын казылып, канча акча түшкөнү белгилүү болду

Кыргызстан ("Кыргызалтын" ААКсы) Centerra Gold Inc. компаниясынын эң ири акция ээси болуп саналат. Жыл башындагы маалымат боюнча, 77 401 766 даана акциясы бар. Канадалык компаниянын башкы активи — Кумтөр кени, бирок ишкана дүйнөдөгү башка кендерди дагы иштетип келет.

Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтарына караганда, "Кумтөр" ишканасынын Кыргызстандын ички дүң продукциясындагы көлөмү 2019-жылы 9,8 пайызды түзгөн.