Азамат Дороев — өмүр баяны

Азамат Дороев 1987-жылдын 14-декабрында Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек) туулган. Билими жогорку. 2011-жылы Бишкек шаарындагы И. Арабаев атындагы университетти аяктаган. Жаңы информациялар технологиясы боюнча адистикке ээ болгон.
Sputnik

Эмгек жолу:

  • 2010-2012 — Бишкек шаарындагы №89 орто мектептин информатика мугалими;
  • 2012, апрель — Свердлов районундагы №18 Жергиликтүү аймактык башкармалыктын уюштуруу иштери боюнча башкы адиси;
  • 2012, апрель-сентябрь — Свердлов районундагы Социалдык өнүктүрүү боюнча башкармалыктын Үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
  • 2012, сентябрь — Свердлов районундагы социалдык тармак жана уюштуруу бөлүмүнүн атайын адиси;
  • 2012, сентябрь - 2013, октябрь — Бишкек шаарындагы №18 Жергиликтүү аймактык башкармалыктын жетекчисинин орун басары;
  • 2013 — Ленин районунун Турак жай чарба бөлүмүнүн жана жергиликтүү аймактык башкармалыктарды өнүктүрүү боюнча адиси;
  • 2014-2016 — "АлРус секьюрити" акционердик коомунун аткаруучу директору;
  • 2016-2017 — Бишкек мэриясынын муниципалдык администрациясынын Октябрь райондук жетекчисинин орун басары;
  • 2017, июнь-декабрь — Бишкек мэриясындагы уюштуруу иштери боюнча бөлүм башчысынын орун басары;
  • 2018, март-июль — Бишкек шаардык кеңешинин аппаратынын уюштуруу иштери боюнча бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2018-2020 — Октябрь райондук уюштуруу жана кадр иштери боюнча бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2020, 27-июль — мэриянын муниципалдык администрациясынын Октябрь райондук администрациясынын жетекчиси — аким.