Ысык-Көлдүн мурунку башчысы Акылбек Осмоналиев башка ишке которулду

Өкмөттүн маалыматы боюнча Осмоналиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан кетти. Тиешелүү буйрукка премьер-министр кол койгон.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев кызматынан бошотулуп, министрлер кабинетинин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.

Ысык-Көлдүн башчысынын унаасына тагылган жасалма номер боюнча иш козголду

Анын ордуна буга чейин Бишкек мэриясынын аппаратын жетектеп келген Балбак Түлөбаев барды.