Кечээ сел каптаган Баткендин айылдары калыбына келтирилүүдө. Сүрөттөр

Баткендин беш айыл аймагында мөндүр аралаш жааган катуу жаандын кесепетинен сайдагы суулар ташып сел жүргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Баткен облусундагы айылдарда селден кийинки калыбына келтирүү жумуштары жүрүп жатат. Бул туурасында өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

26-июль күнү Баткен районунун Кыштут, Суу-Башы, Кара-Булак айыл аймактарында, Кадамжай районунун Көтөрмө, Орозбеков айыл өкмөттөрүндө мөндүр аралаш жааган катуу жаандын кесепетинен сел жүргөн.

Боомдогу чоң жолду каптаган сел. Бийиктен тартылган сүрөт, видео

Сел суулары сайлардан ташып чыгып айрым жерлерде ички жолдорду, эгин талааларын каптаган.

"Учурда тийиштүү кызматтар тарабынан селдин кесепеттерин жоюу аракетинин алкагында жол каттамы ачылып, сугат суу, электр энергиясы калыбына келтирилди. Селден улам келтирилген зыянды тактоо боюнча жарандык коргонуу кызматтары иш алып барууда", — деп айтылат маалыматта.

Табигий кырсыктан, бактыга жараша, адамдар жабыркаган эмес.