Пермь шаарынын (Россия) 30га жакын тургуну дарыяга чөгүп жаткан аялды өзгөчө ыкма менен куткарып калышты. Бул тууралуу аймактагы ИИМ бөлүмүнө шилтеме берип РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, 32 жаштагы келин дарыянын ортосуна чейин сүзүп барып, кайра келе албай чөгө баштаган. Өтүп бара жаткан жигит аны жээктен көрүп калып сууга секирип түшкөн. Бирок бетон төшөлгөн жээк тик жана тайгак болгондуктан, куткарган адам аялды жалгыз алып чыга албай калган.
Адам өмүрүн эмес, сөөгүн сактап калган учурлар болот. Куткаруучунун маеги
Ошол маалда айланада сейилдеп жүргөн кишилер кол кармашып, чынжырчадай болуп тизилип, жабырлануучуга жардам беришкен. Окуя учурундагы видео Facebook тармагындагы "Мой город — Пермь" баракчасына жарыяланды.
Башкалар ошол замат Тез жардам кызматын чакырып, келинди медиктерге өткөрүп беришкен. Учурда ал ооруканада экени, бирок өмүрүнө коркунуч жаралбаганы айтылат.