Өкмөт: саламаттык сактоо министри Абдикаримов кызматтан кеткен жок

Билдирмеге ылайык, министр ооруканадан айыгып чыкты. Учурда аралыктан иштөөдө, жакынкы күндөрү жумушка барат.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов кызматынан кеткен жок. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда жана айрым ЖМКларда министр иштен кеткени тууралуу жазып чыгышкан.

Ысык-Көлдүн мурунку башчысы Акылбек Осмоналиев башка ишке которулду

Өкмөттүн айтымында, министр ооруканадан айыгып чыкты. Учурда аралыктан иштөөдө, жакынкы күндөрү жумушка барат.

Эске сала кетсек, бир нече жума мурда cаламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдон пневмония, орун басары Нурболот Үсөнбаевден COVID аныкталган болчу.