Бир күндө 483 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда июнь айынан тарта эпидемиологиялык абал курчуган. Бактыга жараша, акыркы учурда илдеттен айыгып чыккандар көбүрөөк каттала баштады.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Бүгүн өлкө аймагынан дагы 483 адамдан коронавирус аныкталганын Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

“Алардын ичинен Бишкекте — 154, Ошто – 59, Чүй облусунда – 21, Ош облусунда — 39, Талас облусунда – 27, Нарын облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 72, Жалал-Абад облусунда – 70, Баткен облусу — 32”, — деди Акматова.

Булардын ичинен 22си медицина кызматкерлери.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп алгандардын саны 33 296 болду. Анын 21 205 киши айыгып, тилекке каршы, 1301 киши көз жумду.