Коронавирус менен грипптин эң негизги айырмачылыгы айтылды

Гриппте адамдын дене табы дароо көтөрүлүп 40 градуска чейин чыгат, алсырап жана чыйрыгып жатып калат.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Коронавирус жуктурган адамдын эти дароо ысыбайт. Бул туурасында Москванын Саламаттык сактоо департаментинин чоң кишилерге алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү боюнча штаттан сырткаркы адиси Андрей Тяжельников "Говорит Москва" радиосунун эфиринде билдиргенин Sputnik Тажикстан жазды. 

Анын айтымында, гриппте адамдын дене табы дароо көтөрүлүп 40 градуска чейин чыгат, алсырап, чыйрыгып жатып калат.

"Грипп болгон адамдын дене табы жогору болуп, оору тез эле күч алып кетет. Негизги айырмачылыгы ушунда. Ал эми коронавирус жуктурган адам жыт, даам сезбей калат", — деп айткан адис.

Казакстан: өпкөсү 100% жабыркап айыккан бейтап медиктерге ыраазы болду

Ошондой эле ал коронавирус дагы толук иликтенип бүтө электигин, мындан улам башкача симптомдору дагы болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

"Биз COVID-19дун эч кандай симптомдору жок, бирөк өпкөсү бир топ жабыркаган бейтаптарды көрдүк. Ошол эле учурда оор абалда жатып калгандардан пневмония аныкталган жок", — деди Тяжельников.

Адис коронавирус менен гриппти салыштыруу орунсуз экенин белгилейт.

26-июлга карата алынган маалымат боюнча, дүйнө жүзүндө вируска кабылгандардын саны 16,2 миллион кишиге жетти. Мунун арасынан сакайып кеткендер 9,3 миллион болсо, 650 миңдей бейтап каза тапты.