UFC мушкери Конор Макгрегор "Реалдын" машыгуусуна катышмай болду

Мушкер гол киргизип, "Буга эмне дейсиң, Рамос?" - деп футболчуга кайрылган. Рамос постко комментарий жазып, Макгрегорду "Реалдын" машыгуусуна катышууга чакырган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. UFC уюмунун мурдагы чемпиону Конор Макгрегор "Реал Мадрид" футбол клубунун машыгуусуна катышат. Мушкерди мадриддиктердин капитаны Серхио Рамос чакырды.

Ирландиялык мушкер достору менен футбол ойноп жатып алыстан тээп дарбазага гол киргизген. Видеосун Instagram баракчасына коюп: "Буга эмне дейсиң, Рамос?" - деп билдирүү калтырган.

Көп өтпөй футболчу постко комментарий жазып, Макгрегорду мактап, аны "Реалдын" машыгуусуна катышууга чакырган.

Конор чакырууну кабыл алып, Мадрид шаарына болчу сапарында падышалык клубдун машыгуусуна барарын билдирген.

Башка-көзгө жеп... Александр Емельяненко нокаут менен утулуп калган видео

Эскерте кетели, буга чейин испандык футболчу машыгууда гол киргизип, Конор Макгрегордун октагондо өзгөчө кыймыл менен басканын туурап, мушкерге кайрылган болчу.