Бишкекте жаңы курулган жолдордун кемчилиги чыгып, кайра оңдолууда. Сүрөт

Жолдун чекелерине коюлган талапка туура келбеген бордюрлар жана ирригациялык лотоктор аныкталды. Алар жаңысына алмаштырылат.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Бишкекте жаңы салынган жолдордо кетирилген кемчиликтер түзөтүлүп жатат. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти.

Муниципалитет кытай грантынын эсебинен шаардын көчөлөрүн оңдоо долбоорунун биринчи фазасында курулган жолдорду текшерип чыккан.

"Сапатсыз коюлган бордюрлар жана ирригациялык лотоктор аныкталды. Алар кайра жаңысына алмаштырылат. Айрым тротуарларга брусчатка төшөлгөнү байкалган, анын сапаты күмөн жараткан жок. Бул долбоордун алкагында 48 көчөнүн 93 чакырым жолу оңдолгон. Анын сапатына эки жылга кепилдик берилген, мөнөөтү ушул күздө аяктайт. Ага чейин бир кемчилиги табылса келишим боюнча подрядчы өз чөнтөгүнөн калыбына келтирет", — деп айтылат маалыматта.

Бишкектин бир нече көчөсү оңдолуп жатат. Тизме

Белгилей кетсек, жолдун сапатын мэриянын инженердик жана курулуш кызматынын адистеринен, райондук акимчиликтен, муниципалдык аймактык башкармалыктардан жана подрядчы уюмдардан түзүлгөн комиссия текшерет.