БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik.Балбак Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалганын министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Түлөбаев Балбак Зарлыкович — өмүр баяны
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгон.
Аталган облусту буга чейин Акылбек Осмоналиев жетектеп келген. Ал эми Түлөбаев Бишкек шаардык мэриянын аппарат башчысы болчу.