Айсулуу Тыныбековага өмүр бою стипендия берилмекчи. Суммасы айтылды

Чоңдор арасында олимпиадалык оюндун түрлөрү боюнча чемпиондор 20 миң сомдон стипендия алат. Азыр мындай спортчу Кыргызстанда жалгыз Айсулуу Тыныбекова.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Күрөш боюнча чемпион Айсулуу Тыныбекова өмүр бою айына 20 миң сомдон стипендия алмакчы. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Мындай токтом спорттук жогорку жетишкендиктерге жетелөө үчүн кабыл алынган.

Токио-2021дин программасы чыгып, Айсулуу 3-августта күрөшмөй болду

Олимпиадалык жана паралимпиадалык оюндардын чемпиондору жана байге ээлери үчүн төмөнкү көлөмдөгү каражаттар каралган:

  • 1-орун — 30 000 сом;
  • 2-орун — 25 000 сом;
  • 3-орун — 20 000 сом.

Андан сырткары, чоңдор арасында олимпиадалык оюндун түрлөрү боюнча чемпиондор 20 миң сомдон стипендия алат. Азыр мындай спортчу Кыргызстанда жалгыз Айсулуу Тыныбекова. Ал 2019-жылы спорттук күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта алтын медаль тагынган.

Мамлекеттик агенттиктен Айсулуу өмүр бою бериле турган каражатты учурдагы стипендиясынын мөөнөтү бүткөндөн кийин алып баштаарын айтышты. Андан кийин спортчуда бир нече стипендияны бир учурда алууга мүмкүнчүлүк болорун кошумчалашты.