АКШда телекөрүүчү алып баруучунун ракка кабылганын аныктоого жардам берген

Журналист телекөрүүчүдөн катты июнь айында эле алганын айткан. Бирок коронавирус пандемиясынан улам диагностика жасата албай жүргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. АКШнын Флорида шаарындагы WFLA телеканалынын алып баруучусу Виктория Прайс рак илдетин аныктоого жардам берген телекөрүүчүгө Twitter баракчасы аркылуу ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Ал менин мойнумдагы шишикти байкап калыптыр. Өзү да ушундай кырдаалга кабылганын айтты", — деп жазган Прайс.

​Журналист телекөрүүчүдөн катты июнь айында эле алганын айткан. Бирок коронавирус пандемиясынан улам диагностика жасата албай жүргөн. Кийин дарыгерге барып көрүнгөндө чындап эле онкологиялык илдетке кабылганын билген.

Кабыгы да пайдалуу. Сөөктү бекемдеп, рактын алдын алчу азык айтылды

"Дарыгер шишик акырындап тарап жатканын айтты. Андыктан бул биринчи жана акыркы операция болот деп үмүттөнүп жатабыз", — деди алып баруучу.

Прайс телекөрүүчү байкап калбаса, оорусу тууралуу билбей жүрө бермектигин кошумчалаган.