Япония: 18 метрлик алп робот алгачкы кадамын таштады. Видео

Инженерлердин айтымына караганда, келечекте бул робот бардык аймактарга эч бир кыйынчылыксыз бара алат.
Sputnik

Японияда жасалып жаткан 18 метрлик Gundam роботу алгачкы кадамын ташты. Бул видео Michael Overstreet YouTube каналына жайгаштырылган.

Gundam деп аталган ири роботту адамдар ичине отуруп алып башкарат.

Тездетилип жасалган кадрдан ал оң бутун көтөрүп кадам таштаганын көрүүгө болот. Муну менен басып жүрүүчү роботту сыноо ийгиликтүү өткөнүн айтышат.

Артиллеристтердин кыялы. Талаа-түздө сыналган "Тюльпан" миномёттору

Роботтун боюнун узундугу 18,2 метр (60 фут), алаканынан бармагынын учуна чейинки аралык дээрлик 2 метр. Ал толугу менен даярдалып бүткөндөн кийин салмагы 25 тоннаны түзө турганы айтылат. Иштеп чыккандардын айтымында, робот кайсы жерге болбосун кыйынчылыксыз бара алат.

Gundam роботун ишке киргизүү аземин октябрда өткөрүү пландалган, бирок коронавирустан улам мөөнөтү жылдырылды.