Өкмөт: мамлекеттик органдар үнөмдөө режимин улантуусу зарыл

Кыргызстандагы финансылык чектөөлөр COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү маселелерине тийиштүү эмес. Бул багытта бардык каржылоо өз учурунда жасалып, тапшырмалар аткарылышы зарыл.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Бардык мамлекеттик органдар болушунча үнөмдөө режимин улантуусу зарыл. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында айтканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Бирок чектөөлөр COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү маселелерине тийиштүү эмес.

"Вируска каршы күрөшүүгө тартылган бардык мамлекеттик түзүмдөр ишти күчөтүүгө тийиш. Анын ичинде Саламаттык сактоо министрлиги медицина кызматкерлеринин айлык акысын убагында берүү маселесин ыкчам чечиши керек. Ошондой эле медиктерге компенсацияларды төлөп берүү негизги максаттардын бири болушу зарыл", — деген Баатырбеков.

Вице-премьер жергиликтүү бийлик органдарынын алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүүсүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Ош шаарында жугуштуу илдеттер ооруканасынын курулушу башталды. Сүрөттөр

"Биринчи кезекте Бишкек, Ош шаарларында жаңы ооруканалар курулсун.  Жер-жерлерде бош имараттарды оорукана катары кайра түзүү жана медициналык мекемелерди суюк кычкылтек берүү системасына борборлоштуруп кошууну колго алгыла. Жеке коргонуу каражаттар адистердин пикирин эске алуу менен жаңы бирдиктүү стандартта иштелип чыгышы керек", — деди ал.

Ошондой эле Баатырбеков өлкөгө келип түшкөн бардык гуманитардык жардамды эсепке алуу жана бөлүштүрүү маселесин өзгөчө көзөмөлдөөнү тапшырды.