Москвадан 410 жаран учуп келди. Арасында операцияга муктаждар бар

Комиссия ден соолугунда олуттуу көйгөйү барларды, турмуштук оор кырдаалга кабылгандарды, төрөйүн деп калган жана жаш балалуу аялдарды, улгайган адамдарды тандады.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Бүгүн, 26-июлда, Москвадан Бишкек шаарына 410 кыргызстандык жаран кайтарылды. Анын 17си жашы жетек элек балдар экендигин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жарандар "Аэрофлот — Российские авиалинии" компаниясынын "Москва — Бишкек" каттамы боюнча алып келинди.

Россия Кыргызстанга берген гуманитардык жардам келди. Анда эмнелер бар

Мекенине кайтып келүүнү каалагандар көп болгондуктан рейстегилердин тизмесин атайын комиссия түзгөн. Анын курамында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана КР ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери болгон. 

Москвадан 410 жаран учуп келди. Арасында операцияга муктаждар бар
"Комиссия ден соолугунда олуттуу көйгөйү барларды, турмуштук оор кырдаалга кабылгандарды, төрөйүн деп калган жана жаш балалуу аялдарды, улгайган адамдарды тандады. Ошондой эле ооруп, хирургиялык жардамга муктаж болуп турган жарандарга артыкчылык берилди", — деп айтылат маалыматта.

Чет жактагы мекендештерди өлкөгө кайтаруу иштери жүргүзүлүп жатканы белгиленди.