БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлигинде эмгек рыногунун талаптары менен кесиптик билим берүүнү шайкеш келтирүү боюнча иш жүргүзүлүүдө. Буга ылайык, ведомство Кыргызстандагы колледждерде заман талабына ылайык быйыл кандай кесип жана багыттарга студенттер алынып жатканын маалымдады.
Чаткал районунда 150 орундуу мектептин курулушу башталды
Алар:
- Нарын шаарындагы Агро-экономикалык колледж — техник-электрик, ветеринардык фельдшер, тамак-аш технологдору даярдалат;
- Токмок шаарындагы Агро-өнөр жай колледжи — техник-электрик, техник-электромеханик, транспорттук электр жабдууларын жана автоматиканы эксплуатациялоо боюнча адис болом дегендер билим алса болот;
- Бишкек шаарындагы Архитектура жана курулуш менеджменти колледжи — курулуш, жыгач иштетүү боюнча технологдорду, санитардык-техникалык жана желдетүүчү түзүлүштөрдү монтаждоо боюнча адистер дайындалат;
- ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи — техник-программист, техник-электрик жана ветеринардык фельдшер;
- Кызыл-Кыя Тоо–техникалык инновациялар жана экономика колледжи — жер-жемиш жана жашылчаны кайра иштетүү боюнча технологдор, модельер-конструкторлор билим алат;
- Ысык-Көл Индустриалдык-педагогикалык колледжи — мейманканаларды жана туристтик комплекстерди тейлөө боюнча менеджерлер билим алат;
- Кара-Балта Техникалык-экономикалык колледжи — транспорттук электр жабдууларын жана автоматиканы эксплуатациялоо боюнча адистер;
- ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжи — тигүүчү буюмдарды конструкциялоо, моделдөө жана технология боюнча чеберлер.