Коронавирус жана пневмония боюнча статистика бириктирилгендиктен медиктерге компенсация төлөө маселеси кайрадан каралат. Анткени буга чейин өкмөттүн токтомунда медиктин вирус жуктурганы лабораториялык тесттен тастыкталган учурда гана берүү жазылган эле. Бул тууралуу Айнура Акматова Sputnik Кыргызстан радиосуна https://sputniknews.com/popup_radio/14/s маек берип жатып билдирди.
Анын айтымында, ыктыярчы-медиктерге маяна медициналык кызматкер катары төлөнөт.
Акматова: коронавирус учурунда башка бейтаптарды дарылоо токтогон жок
"Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму лабораториядан тастыкталган учурлар гана COVID-19 болуп эсептелет деп аныктама берген. Ошонун негизинде өкмөттүн токтому дагы бар. А бирок пневмония оорусу күч алгандан кийин компенсация боюнча суроолор жаралды. Аны министрлик тарабынан түзүлгөн атайын комиссия карап жатат. Себеби коронавирус менен пневмониянын статистикасы бириктирилди. Андыктан коронавирус жуктуруп алган медиктерге компенсация маселеси кайрадан талкууланат. Ал эми ыктыярчы катары эмгектенип жаткан ак халатчандар кайсы медициналык мекемеде иштеп жатса, ошол жактан атайын келишим түзүлөт. Анын негизинде маянасы төлөнүп берилет", — деди Акматова.
Ошондой эле ал медицина тармагын үзгүлтүксүз каржылоо үчүн бардык аракеттер көрүлө турганын кошумчалады.