БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония илдетине кабылгандардын саны 689га жетти. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Аймактар боюнча айта турган болсок, абал төмөнкүчө:
- Бишкек – 190;
- Ош – 74;
- Чүй облусу – 89;
- Ош облусу – 58;
- Талас облусу – 40;
- Нарын облусу – 24;
- Ысык-Көл облусу – 55;
- Жалал-Абад облусу – 129;
- Баткен облусу – 30.
COVID-19ду дагы 1185 киши жеңип чыкты
Республика боюнча вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 32 813кө жетти. Анын ичинен сакайып кеткендер 20 388 болсо, 1 277 киши каза тапты.