Боомдогу чоң жолду каптаган сел. Бийиктен тартылган сүрөт, видео

Бүгүн, 27-июлда, түштөн кийин чоң трассаны жамгырдан кийин суу каптап, автоунаалардын өтүшүнө кыйынчылык жаралган. 
Sputnik

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Боом капчыгайында жолду суу каптаган жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана атайын техникалар иштеп жатат. 

Боомдогу чоң жолду каптаган сел. Бийиктен тартылган сүрөт, видео

Бишкек — Нарын — Балыкчы унаа жолунун 145-чакырымында катуу жааган жамгырдан улам жолго суу топтолуп калган. Кадрдан айдоочулар дөңгөлөктү жаап калган суудан кыйынчылык менен айдап баратканын көрүүгө болот. Айрым автокөлүктөр жолдун ортосуна токтоп калган. 

Боомдогу чоң жолду каптаган сел. Бийиктен тартылган сүрөт, видео

Sputnik Кыргызстандын аймактык кабарчысы жолдун түндүк тарабындагы тоодон тартып алган кадрларды жарыялайт.

Редакция 2016-жылы ушул маалда трассадагы жаандан кийинки көйгөй тууралуу материл даярдаган. Анда сууну өткөрүүчү куурлар жок болгондуктан ушундай кырдаал жараларын айтышкан.