БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Боом капчыгайында жааган жамгырдан улам автоунаа жолун суу каптады.
Социалдык тармактарда окуя болгон жерден тартылган видеолор жарыяланды. Андан айдоочулар дөңгөлөктү жаап калган суудан кыйынчылык менен айдап баратканын көрүүгө болот. Айрым автокөлүктөр жолдун ортосуна токтоп калган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы Бишкек — Нарын — Балыкчы унаа жолунун 145-чакырымында катуу жааган жамгырдан улам жолго суу топтолуп калганын билдирди. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн Балыкчыдан куткаруучу топ, 1 грейдер, 1 манипулятор жана жол кызматкерлери, ЖКККББдан 1 экипаж тартылган.
Sputnik Кыргызстан 2016-жылы ушул маалда трассадагы жаандан кийинки көйгөй тууралуу материл даярдаган. Анда сууну өткөрүүчү куурлар жок болгондуктан ушундай кырдаал жараларын айтышкан.