БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги учурда Бишкектеги ооруканаларда 1377 бош орун бар экенин билдирди.
Күн санап ооруканаларда жаткан бейтаптардын саны азайып жатканы байкалууда. Мындан үч күн мурун 1 190 бош койка болгон, андан бери дагы 185 орун кошулду.
COVID-19ду дагы 1185 киши жеңип чыкты
Коронавируска кабылгандар төмөндө көрсөтүлгөн ооруканаларга барып кайрылса болот.
- "Гансидеги" оорукана — 516;
- Улуттук госпиталь — 149;
- Воронцовкадагы санаторий — 181;
- №1 Интернат — 98;
- Интергельпо көчөсүндөгү оорукана — 87;
- Республикалык наркология борбору — 82;
- Азиздер жана көрүүсү начар балдар интернаты — 43;
- №1 Шаардык клиникалык оорукана — 60;
- "Ынтымак" медресеси — 36;
- Темир жол ооруканасы — 17;
- Дайыр Асанов атындагы аскер лицейи (Суворов училищеси) — 54;
- Улуттук кардиология жана терапия борбору — 10;
- Rixon мейманканасы — 16;
- Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы — 15;
- Discovery мейманканасы — 9.
- Улуттук хирургия борбору — 3;
- Улуттук фтизиатрия борбору - 1.
Белгилей кетсек, ооруканалардын жана күндүзгү, түнкү стационарлардын дарегин жана андагы бош орундарды көрсөтүп турган карта иштелип чыккан.