БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Социалдык тармакта Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалары туурасында маалымат тарады.
Бул туурасында журналист жана ыктыярчы Тынчтык Алтымышев Facebook баракчасына пост жазып, ага ийгилик каалоо менен региондогу бир катар маселени жөнгө салууну сунуштаган.
Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусу Түлөбаевдин кичи мекени болуп саналат.
Түлөбаев менен Sputnik Кыргызстандын кабарчысы байланышканда мындан кабары жок экенин айтты. Облус жетекчилигине сунуш түштү беле деген суроого да “андай болгон эмес” деп жооп берди.
Өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгул уулу бул боюнча маалымат берүүдөн карманууда.
Ал эми өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы учурдагы жетекчи Акылбек Осмоналиев жумушунда отурганын билдирди. Анын кызматтан кетери туурасында расмий документ жок экени айтылат. Балбак Түлөбаев Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси болуп 2018-жылдын август айынан бери иштеп келет. Осмоналиевдин да облусту башкарып жатканына эки жыл болду.