Жээнбеков Бишкектеги жаңы оорукананын курулушун баштап берди. Сүрөт

Жаңы медборбор Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагында курулуп баштады. Аны кыска мөөнөттүн ичинде бүткөрүү пландалууда.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарында жугуштуу илдеттер ооруканасынын курулуш иштерин баштоо салтанатына катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, учурда 100 орундуу оорукананын пайдубалы түптөлүп баштады.

"Жылуу мезгилде стационарлардын иши жакшы жүрүүдө, эл келип дарыланып жатат. Стационарларга кайрылган бейтаптардын саны азайганы бизди кубандырат. Азыр пандемиянын экинчи толкуну болушу мүмкүндүгү айтылууда. Андыктан биз күзгө жана кышка даяр болушубуз керек. Бул багыттагы иштер жүрүп жатат", — деген Жээнбеков.

Жаңы медборбор Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагында тез тургузулуучу конструкция менен курулары айтылат. Аны күзгө чейин бүткөрүү пландалууда.

Президенттин аманаты. Нарындык дарыгерлерге жардам жиберилди

Президент инфекция менен күрөшүүдө стационарлардын салымын белгилеп, ошентсе да жаңы ооруканаларды ишке киргизүү зарылдыгын айткан.

Мындан сырткары, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында кызыкдар инвесторлорду тартуу менен Бишкекте, Ошто жана өлкөнүн бардык аймактарында комплекстүү ооруканалар курула тургандыгын билдирген.

Белгилей кетсек, Бишкектегидей оорукана Ошто дагы курулмакчы.