Ош шаарында жугуштуу илдеттер ооруканасынын курулушу башталды. Сүрөттөр

Медициналык жай Ош шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагына тез тургузулуучу конструкция менен курулары белгилүү болду.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Ош шаарында жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу башталып, пайдубалын түптөө иш-чарасына премьер-министр Кубатбек Боронов катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы оорукананын эмгек жамааты менен маектешип, медицина кызматкерлеринин ден соолугун сактоо боюнча мамлекет тараптан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Төрага Жумабеков Суусамырдагы стационарга барып, акчалай жардам берди. Сүрөт

"Пандемиянын экинчи толкуну боюнча маалыматтар айтылууда. Ошондуктан пайдубалы түптөлүп жаткан жаңы оорукананын курулушун тез, ошол эле учурда сапаттуу бүткөрүү керек. Бул медициналык жай интенсивдүү терапия жана реанимациялык орундары менен болот", — деди Боронов.

Эскерте кетсек, медициналык жай Ош шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагына тез тургузулуучу конструкция менен курулат.

Ошондой эле премьер Ош облусунун Кара-Суу районундагы Баш-Булак айылында ооруканага ылайыкташтырыла турган имараттын абалы менен таанышты.

Жээнбеков: Кыргызстанда 30-июль Жалпы улуттук аза күтүү күнү болот

Премьер-министр багыты өзгөртүлүп, медициналык мекеме болуп жасала турган имаратты оңдоо иштерин сапаттуу жүргүзүү тапшырмасын берди.

Бүгүн Бишкек шаарында да оорукананын курулушу башталып, ага президент Сооронбай Жээнбеков капсула салды.