Бишкектин ооруканаларында бош орундар көбөйдү. Тизме

Министрлик кошумча маалыматты шаардыктар ар бир стационардын телефон номерине чалып алса болорун айтты. Стационарлардын дареги жана телефондору картада толугу менен көрсөтүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги учурда Бишкектеги ооруканаларда 1306 бош орун бар экенин маалымдады.

Эске салсак, кечээ бош орундардын саны 1218 болчу.

Коронавируска кабылган бейтаптар төмөндө көрсөтүлгөн ооруканаларга барып кайрылса болот.

  • "Гансидеги" оорукана — 495;
  • Улуттук госпиталь — 149;
  • Воронцовкадагы санаторий — 181;
  • №1 интернат — 98;
  • Интергельпо көчөсүндөгү оорукана — 73;
  • Республикалык наркология борбору — 69;
  • Азиздер жана көрүүсү начар балдар интернаты — 43;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 53;
  • "Ынтымак" медресеси — 39;
  • Темир жол ооруканасы — 20;
  • Дайыр Асанов атындагы аскер лицейи (Суворов училищеси) — 44;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 17;
  • Rixon мейманканасы — 11;
  • Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы — 10;
  • Discovery мейманканасы — 4.

Россиялык дарыгер: КР медицинасы COVID боюнча эң оор учурдан өттү

Министрлик кошумча маалыматты шаардыктар ар бир стационардын телефон номерине чалып алса боло турганын айтты. Стационарлардын дареги жана телефондору картада толугу менен көрсөтүлгөн.