Тогуз-Тородо 19 күндөн бери дайынсыз болгон кытай жолчусун издөө токтоду

Чет элдик жолчуну издөө China Road компаниясынын өкүлүнүн ыраазычылык катынын негизинде токтотулган.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда бир нече жумадан бери дайынсыз болуп жаткан кытай жумушчусун издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, чет элдик жолчуну издөө China Road компаниясынын өкүлүнүн ыраазычылык катынын негизинде токтотулган.

Чагылган тийүүдөн кантип сактануу керек. Адистердин кеңеши

Эске сала кетсек, Түндүк — Түштүк альтернативдик унаа жолун куруп жаткан China Road компаниясынын жумушчусу Тогуз-Торо районунда 6-июлдан бери дайынсыз болуп жаткан. Куткаруучуларга билдирүү 10-июлда түшкөн.