Коронавирустан акыркы суткада 38 бейтап көз жумду

Ушуну менен марттан бери коронавирус жуктуруп каза тапкандардын саны 1 249га жетти. Бүгүн өлүмдүн эң көп учуру Бишкекте катталды.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясын жуктуруп алган 38 киши көз жумду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Ага ылайык, COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары (пневмонияны эсепке алганда) төмөнкүдөй:

  • Бишкекте — 13;
  • Ош шаарында — 2;
  • Чүй облусунда — 5;
  • Ош облусунда — 3;
  • Талас облусунда — 5;
  • Нарын облусу — 1;
  • Ысык-Көл облусу — 2;
  • Жалал-Абад облусу — 2;
  • Баткен облусу — 5.

Ушуну менен марттан бери коронавирус жуктуруп каза тапкандардын саны 1 249га жетти.