Өткөн суткада коронавирустан 1165 киши айыкты

Өлкөгө коронавирусту дарылоого колдонулуучу дары-дармектер келүүдө. Алсак, кечээ Кытай антикоагулянт дармектеринин ири партиясын жөнөткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 1165 бейтап айыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде маалымдады.

Аймактар боюнча алганда төмөнкүдөй:

  • Бишкек – 609
  • Чүй облусу – 141
  • Ош облусу – 79
  • Талас облусу – 26
  • Нарын облусу – 44
  • Ысык-Көл облусу – 50
  • Жалал-Абад облусу – 95
  • Баткен облусу – 59
  • Ош шаары – 62