Боронов Оштогу стационарлардын иши менен таанышып, медиктерге жолукту

Ош шаарында коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн ооруканаларда 1 200 орун даярдалганы айтылып, күндүзгү жана түнкү стационарларда 220 керебет бар экени кошумчаланды.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов Ош шаарындагы күндүзгү жана түнкү стационарларда иштеп жаткан медицина кызматкерлери менен жолугуп, аларга түзүлгөн шарттарды көрүп чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, өкмөт башчы Ош шаарына иш сапары менен барган.

"Медицина кызматкерлери жана ыктыярчылар учурдун мыкты каармандары, алар бийик адамдык сапатты көрсөтүп, жалпыбызга үлгү болууда. Калкыбыз сиздердин ак ниеттик менен аткарып жаткан ишиңиздерге жана кайратыңыздарга күбө болуп, сыймыктанууда", —деди Боронов.

Боронов: жаңы салынчу ооруканаларга меджабдууларды азыртан алыш керек

Премьер-министр түштүк аймакта иштеп баштаган россиялык медиктер менен да кезиккен.

"Эпидемиологиялык абал курч болуп турган учурда кол сунуп, жардамга келгениңиздерге терең ыраазычылык билдирем. Эки өлкө адистеринин жалпы аракети менен Кыргызстандагы илдетти жеңебиз деген үмүт бар", — деди ал.

Өкмөттүн маалымат кызматы Ош шаарында коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн ооруканаларда 1 200 орун даярдалганын айтып, күндүзгү жана түнкү стационарларда 220 керебет бар экенин кошумчалады. Мындан тышкары, шаарда өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттан 40, кычкылтек концентраторунан 330 даанасы бар.

Жээнбеков Бишкектеги жаңы оорукананын курулушун баштап берди. Сүрөт