БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Россиялык белгилүү мушкер Александр Емельяненко АСА 107 турниринин алкагында Магомед Исмаиловго жеңилип калды. Бул тууралуу беттешти уюштурган уюмдун расмий Instagram баракчасында жазылды.
Мушкерлер октагондо 24-июль түнү Сочи шаарында кармашкан. Исмаилов Емельяненкону үчүнчү раундда нокаутка кетирген. Ал жыгылып кеткен атаандашын башка ургулап баштаганда рефери арачалап калууга аргасыз болгон.
Беттеш 3-апрелде Москвада өтүшү керек эле, бирок COVID-19 пандемиясына байланыштуу эки-үч айга жылып кеткен.
Исмаилов жеңишинен кийин сөз сүйлөп, Емельяненко менен сегиз бурчтукта кез келүүсү карьерасында урунттуу учур болорун айткан. Ошондой эле атаандашынын спорттук жолуна илгертеден эле көз салып келерин белгилеп, аны утуп алганы үчүн күйөрмандарынан кечирим сурап өткөн.
34 жаштагы Магомед Исмаилов ушуну менен карьерасында 16-жеңишин камсыздады. Ал аралаш мушташта эки ирет утулуп, бир жолу тең чыккан. Ал эми 38 жаштагы Емельяненко жалпысынан 28 кармаш өткөрүп, анын сегизинде жеңилүү ызасын тарткан.