БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров каза болду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.
2010-жылдагы июнь окуясы боюнча өмүр бою эркинен ажыратылган 69 жаштагы Азимжан Аскаров Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы №19 мекемесинде жазасын өтөп жаткан болчу.
ЖАМКтын маалыматы боюнча, Аскаров алы кетип, дене табы көтөрүлүп жатканын айткан. Медициналык кызматкерлердин кароосунан өткөндөн кийин ага бир нече жолу Бишкек шаарындагы №47 медициналык түзөтүү мекемесинин шартында дарылануу сунушталган. Бирок ал стационардык дарылануудан баш тартып келген.
24-июлда дарылоодон баш тарткандыгына карабастан медициналык кароо жана андан ары дарылануу үчүн №47 мекемеге которулган.
Ал эми жактоочусу Валерьян Вахитов Sputnik Кыргызтан агенттигине Аскаров менен 22-июлда жолукканын, абалы оор экени байкалганын кабарлады. Адвокат Аскаровдун өлүмү боюнча медициналык корутунду талап кылып Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылганын кошумчалады.
Эскерте кетсек, соттун өкүмү менен Аскаров 2010-жылы Бишкек — Ош жолун тосууну уюштургандардын бири деп табылган. Ошол учурда эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан 13 милиция кызматкери катуу сабалып, аймактык милиционар Сулайманов өлтүрүлүп, сөөгү өрттөлгөн.