Ошко 18 россиялык дарыгер иштегени келди. Сүрөт

Кечээ, 23-июлда, Бишкекке Башкыртыстандан 50 медицина кызматкери келип, облустарга бөлүнөрү пландалып жатканы айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Бүгүн Ош шаарына 18 россиялык дарыгерден турган топ келди. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Ак халатчандарды Ош эл аралык аэропортунан вице-мэр Эмил Шадыханов менен өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов тосуп алды.

Россиялык дарыгер: КР медицинасы COVID боюнча эң оор учурдан өттү

Кечээ, 23-июлда, Бишкекке Башкыртыстандан 50 медицина кызматкери келип, облустарга бөлүнөрү пландалып жатканы айтылган.

Ош шаарына келген 16 медик калаанын өзүндө жана Ош менен Жалал-Абад облустарындагы ооруканаларда иштешмекчи. Мындан тышкары, Москвадан эки вирусолог да келген.