Чагылган тийүүдөн кантип сактануу керек. Адистердин кеңеши

Куткаруучулар күн күркүрөп жатканда меш жагуу, сууга түшүү, телефон менен сүйлөшүү, спорт менен машыгуу туура эмес экендигин белгилешти.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чагылган тийүүдөн сактануунун жолун айтып бергенин РИА Новости жазды.

Мекеменин билдиришинче, асман жаркырап туруп күн күркүрөгөндөн кийинки чагылган коркунучтуу. Бул учурда тез арада сактык чараларын көрүү керек.

"От жакпаңыз, анткени мордогу жогорку температурадагы газдар өйдөгө чыга албай калып, ичке үйлөнүп кетиши мүмкүн. Айыл жеринде күн күркүрөгөндө морлор менен желдеткичтерди, ошондой эле терезелерди жана эшиктерди жаба туруу керек", — деп айтылат маалыматта.

Алдыдагы төрт күндө да жаан токтобой, сел жүрөт. Шашылыш билдирүү

Чагылган көбүнчө түркүктөрдүн ортосуна тартылган зымдарга тиери белгиленет. Ошондуктан күн күркүрөгөндө телефон менен сүйлөшкөнгө болбойт. Мындан тышкары, терезеден, электр зымдарынан, чагылган тоскучтарынан, үйдүн чатырындагы суу агызгычтардан жана антенналардан алыс туруу зарыл. Мүмкүн болсо сыналгыны, радио жана башка электр шаймандарын өчүрүп коюңуз.

Эгерде токойдо күн күркүрөп калса, жапыз жерде баш калкалай туруу керек. Бийик бактардын, карагайлардын, эмендердин жана теректердин жанында чагылгандан коргонгон туура эмес. Ошондой эле куткаруучулар сууга түшпөөнү, жадагалса жээкте болбоону эскертет.

Сууга түшөрдө баланын жанынан карыш жылбаңыз! ӨКМдин ата-энелерге эскертүүсү

"Эгер талаада баш калкалоочу жер жок болсо, жерге жатпаңыз, айланада коо-колот, аң же ылдыйыш жер болсо отуруп туруңуз", — деген ӨКМ.

Ошондой эле күн күркүрөп жатканда спорт менен алектенбеш керек. Бардык металл буюмдарды, анын ичинде мотоцикл, велосипед дегендерди жерге таштап, 20-30 метр алыстыкта туруу керек.