COVID-19 инфекциясы менен күрөшүүдө пробация кардарлары да четте калган жок. Биздин департаментке Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан сунуш келип түштү. Анда пробация кардарларын коронавирус менен күрөшүүдө кызыл зона деп аталган аймактарга ыктыярдуу түрдө иштеп берүүгө чакырышкан. Бул тууралуу Данияр Молдокул уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда өлкөдө 4 000ден ашуун пробация кардары бар.
Романов: пробация анча оор эмес кылмыш жасагандарга колдонулат
"Пробация системасы Кыргызстанга келгенине аз эле жыл болгонуна карабай жемиштүү иштеп жатат. Учурда өлкөдө 4 778 пробация кардары каттоодо турат. Анча оор эмес кылмыш жасап сот жообуна тартылган жарандар биздин кардарлар болуп эсептелет. Өкмөттүн чечимине ылайык, коронавирус менен күрөшүүдө ар бир оорукана министрликтерге бөлүнүп берген болчу. Аларды керек-жарагы менен камсыздоо, уюштуруу иштерине көмөк көрсөтүү ар кайсы мамлекеттик мекемелерге жүктөлгөн. Ага ылайык, Пробация департаментинин карамагына Улуттук госпиталдын урология бөлүмү кирген. Бул жерде санитарлар жетишсиз болгондуктан биздин кардарлардын арасынан каалоочулар өз ыктыяры менен жумушка тартылды. Азыр алты киши аталган ооруканада иштеп жатат. Мындан сырткары, дагы экөө обсервацияга жаткандарга кислород ташып иштесе, төртөө оорукананын дарыгерлерине тамак жасап өз эрки менен кызмат көрсөтүшүүдө", — деди Молдокул уулу.
Коронавирус менен күрөшүүдө ыктыярдуу түрдө ишке тартылган пробация кардарларына медицина кызматкерлериндей эле маяна төлөнөрүн кошумчалады.