Окумуштуулар кол алышып учурашуудан биротоло баш тартууга чакырып жатат

Илимпоз курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциялардын убагында бет кап тагынуу жана аралыкты сактоо коомдо адатка айланып калышы зарыл деп эсептейт.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Улуу Британияда кийинки пандемияны алдын алуу үчүн айрым адаттарын өзгөртүү керек. Анын ичинде жолугушууда кол алышып учурашуудан баш тарткан оң. Мындай ойду тропикалык медицина жана гигиена боюнча Лондон мектебинин микробиологу Бэрон Пиот билдиргенин "Известия" басылмасы жазып чыкты.

Илимпоздун ою боюнча, салтка айланып калган кол алышып учурашууну япондордукундай саламдашууга алмаштыруу керек.

Марипов: дүкөндөн сатып алган буюмга антисептик чачып дезинфекциялоо керек

Пиот курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциялардын убагында бет кап тагынуу жана аралыкты сактоо коомдо адатка айланып калышы зарыл деп эсептейт.

Далилдөө иретинде ал Австралиянын статистикасын мисал келтирген. Бул мамлекетте аралыкты сактоо чаралары киргизилгендиктен, сасык тумоо же башка инфекциялык ооруга кабылгандардын саны азайганы байкалган.