Саймаитинин өлүмү: экс-консул айып төлөп, бошоп чыкты

Эркин Сопоковду өткөн жылдын 28-ноябрында кармашкан. Дипломат ошол кезде бизнесмен Айэркен Саймаитинин өлүмүнөн кийин суракка чакырылган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоков 300 миң сом айып төлөп, андан соң эркиндикке чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун 10-июлда чыккан өкүмүндө айтылат.

Сопоков Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") үч эпизодунун негизинде күнөөлүү деп табылган:

  • автоунаасын чоочун бирөөлөргө, анын ичинен Айэркен Саймаитиге мыйзамсыз бергени үчүн;
  • жубайы Стамбулдагы чет элдик командировкада болду деп 30 пайыздык төлөмдү мыйзамсыз алганы үчүн (УКМК Сопоковдун аялы ал жакта дээрлик жашабагандыгын бекемдейт);
  • 31 миң долларды медициналык жана башка чыгымдар үчүн деп мыйзамсыз алганы үчүн;
  • 18 миң долларга автоунаа сатып алганы (башкы консулдуктун чарба иштери боюнча жетекчисинин жардамы менен), дипломатиялык номерди алганы жана аны жеке ишкерге бергени үчүн.

Сопоковго ар бир күнөөлөөнүн негизинде 2 600 эсептик көрсөткүчтүн көлөмүндө айып пул төлөө каралган. Аны топтоштура келгенде 300 миң сомго чыккан.

Мурдагы консул Эркин Сопоковдун баш коргоо чарасы тандалды

Мурдагы консул сот залынан бошотулуп, ага сыртка чыкпоо боюнча баш коргоо чарасы тандалды.

"Күнөөлөнүп жаткан тараптын айыбын моюндаганы, өкүнгөнү жана биринчи ирет кылмышка барганы эске алынды. Аны менен катар эле келтирилген материалдык чыгымдар толугу менен калыбына келтириле тургандыктан, сот күнөөсүн мойнуна алгандан кийинки жаза анын оңдолушу үчүн акыйкат жана жетиштүү чыкты деп эсептейт. Мындан сырткары, кийинки кылмыштардын жасалбашына эскертүү болду",— деп эсептейт.

Эске салсак, Сопоков кытайлык ишкер Айэркен Саймаитинин чуусу боюнча өткөн жылдын ноябрь айында иштен бошотулган. Дипломатиялык номер тагылган автоунаасын Саймаитиге мыйзамсыз түрдө берген деп айыпталып УКМК тарабынан кармалган.

Айэркен Саймаитини атып кеткен учурдун видеосу

Эске салсак, 10-ноябрда кечинде Стамбулдун Фатих аймагындагы мейманканалардын биринин алдынан ишкер Айэркен Саймаити атып өлтүрүлүп, ага шектелип үч киши кармалган. Ал эми ал жерден Сопоковго тиешелүү Range Rover автоунаасы табылган эле.