Чаткал районунда 150 орундуу мектептин курулушу башталды

Кайың-Суу орто мектебинин имараты жараксыз деп табылганына карабай ушуга чейин 156 окуучу билим алып келген.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Чаткал районунун Кайың-Суу айылына жергиликтүү бюджеттин эсебинен жаңы мектеп курула баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга район акими Жуманалы Накетаев билдирди.

Анын айтымында, аталган билим берүү мекемеси 150 окуучуга ылайыкталып, эки кабаттуу болуп курулат. Бул үчүн районду өнүктүрүү фондунун эсебинен 54 миллион сом каралган.

"23-июлда капсула салуу аземи өтүп, ага жергиликтүү тургундар катышты. Мектеп этап-этабы менен үч жылда толук курулуп бүткөрүлөт. Кайың-Суу орто мектеби 1986-жылы ашар жолу менен 60 окуучуга ылайыкталып салынган болчу", — деди Накетаев.

500 убактылуу бала бакча курулуп, 1200 мектепке компьютер берилет. Долбоор

Ошондой эле ал 2017-жылы мектеп имараты жараксыз деп табылганына карабай ушуга чейин 156 окуучу билим алып келгенин кошумчалады.