1200дөн ашык орун бар. Бишкекте бошогон ооруканалардын тизмеси

Учурда "Гансидеги" ооруканада, Улуттук госпиталда жана Воронцовкадагы санаторийде бош орундар көп экени көрсөтүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги учурда Бишкектеги ооруканаларда 1 218 бош орун бар экенин билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ бош орундардын саны 1 190 болчу, аны менен салыштырганда бүгүн жаткан бейтаптардын саны 28ге кыскарган.

Коронавируска кабылган бейтаптар төмөндө көрсөтүлгөн ооруканаларга барып кайрылса болот.

Кыргызстанда 12 миңден ашуун бейтап ооруканада COVID менен алышууда

  • "Гансидеги" оорукана — 491;
  • Улуттук госпиталь — 154;
  • Воронцовкадагы санаторий — 136;
  • №1 Интернат — 98;
  • Интергельпо көчөсүндөгү оорукана — 73;
  • Республикалык наркология борбору — 62;
  • Азиздер жана көрүүсү начар балдар интернаты — 39;
  • №1 Шаардык клиникалык оорукана — 34;
  • "Ынтымак" медресеси — 34;
  • Темир жол ооруканасы — 29;
  • Дайыр Асанов атындагы аскер лицейи (Суворов училищеси) — 27;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 22;
  • Rixon мейманканасы — 8;
  • Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы — 10;
  • Discovery мейманканасы — 1.