Бишкекте автоунаа коюп кеткен киши каза болду. Жеринде тартылган видео

Жол кырсыгы саат 17.20лар чамасында Дэн Сяопин көчөсүндөгү №34 үйдүн жанында болгон. Жабырлануучу алган жараатынан улам көз жумду.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Бишкекте жолтандабас артынан келип сүзгөн жеңил унаага урунган жөө жаран каза болду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти.

Жол кырсыгы саат 17.20лар чамасында Дэн Сяопин көчөсүндөгү №34 үйдүн жанында болгон.

“Жолтандабас Mazda Demio автокөлүгүнүн артынан сүзүп, ошол маалда жеңил авто алдындагы жөө адамды кагып алган. Жабырлануучу алган жараатынан улам көз жумду”, — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Окуядан кийин тартылган видео "Короче" Telegram-каналына жарыяланган.

Анда жеңил унаа бир топ талкаланып калганын көрүүгө болот.