БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын капитаны, россиялык "Енисей" клубунун коргоочусу Валерий Кичин оюн талаасында атаандаш команданын футболчусу менен мушташа кеткендиги үчүн жоопко тартылбайт. Бул тууралуу клубдун башкы машыктыруучусу Александр Тархановго шилтеме берип РИА Новости жазды.
Эске салсак, кечээ Россиянын "Енисей" жана СКА клубдарынын мелдеши учурунда Кичин атаандаш команданын оюнчусу менен мушташа кеткен. Кийин оюн уланып, 1:0 эсебинде аяктаган эле.
"Эч кандай трагедия болгон жок, спортчулар талашып-тартыша кетти. Башкалар арачылап, кийин экөө элдешип алышты. Эч ким жаракат алып, кан төгүлгөн жок. Сезондор аралык оюндарда эмоциялар күчтүү болот. Бул үчүн Кичинди жоопкерчиликке тартпайбыз", — деди Тарханов.
Күйөрманы жок оюнда Мессинин фанаты талаага чуркап чыгып сүрөткө түштү. Видео
Кичин коргоочу катары ойноп келген "Енисей" клубу Россиянын Улуттук футбол лигасында буга чейин эки оюн өткөрүп, жеңип чыккан (эсеп 2:1 жана 1:0).