Көтөрүп чапты. Валерий Кичиндин оюн учурунда мушташа кеткен видеосу

Интернетке тараган кадрларда көрүнүп тургандай, оюн учурунда Кичин алгач атаандашын бир коюп, андан кийин жерге көтөрүп чабат.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын капитаны Валерий Кичин "Енисей" жана "СК Хабаровск" клубдарынын мелдеши учурунда атаандаш команданын оюнчусу менен мушташа кетти.

Окуянын видеосу "Короче" Telegram каналына жана социалдык тармактарга жүктөлдү.

Кадрлардан көрүнүп тургандай, оюн учурунда эле Кичин алгач атаандашын бир коюп, андан кийин жерге көтөрүп чапкан.

Күйөрманы жок оюнда Мессинин фанаты талаага чуркап чыгып сүрөткө түштү. Видео

Азырынча эки клуб тең бул окуя боюнча эч нерсе дей элек. Кичин коргоочу катары ойноп келген "Енисей" клубу Россиянын Улуттук футбол лигасында буга чейин эки оюн өткөрүп, жеңип чыккан (эсеп 2:1 жана 1:0).