COVID менен күрөшүү: Россиядан Кыргызстанга дагы 50 дарыгер келди

Медиктер Кыргызстанда болжол менен 30 күндөй болушат. Башкыртстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустовдун айтымында, гумжардам башка учак менен өзүнчө алып келинет.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн Россиядан Кыргызстанга дарыгерлердин кезектеги тобу келди.

Ак халатчандарды алып келген учак "Манас" аэропортуна конгон. Коронавирус менен күрөшүүгө келген медиктердин басымдуу бөлүгү Башкыртстандын адистери. Арасында анестезиолог, реаниматолог, инфекционист, кардиолог, пульмонолог, хирургдар бар.

Болжол менен алар Кыргызстанда 30 күндөй болушат. Башкыртстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустовдун айтымында, гумжардам башка учак менен өзүнчө алып келинет.

Россиялык медиктер кыргызстандык кесиптештерине жардам берүүгө келди. Сүрөт түрмөк

"Биз силердин инфекциялык ооруканаларда иштеп, аны менен катар консультация да беребиз. Башкыртстандан 42 медик, мындан сырткары, учак менен москвалык дарыгерлер да келишти. Биздин арабызда ар тармакта иштеген ак халатчандар бар. Баары тең инфекциялык ооруканаларда эмгектенген. Азыр Кыргызстандагы кырдаал менен таанышуу керек. Коронавирусту дарылоо боюнча тажрыйба бар. Эгер ал силерге пайдасын алып келе турган болсо, бөлүшүүгө даярбыз", — деди Кустов.

Ушуну менен эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүсү боюнча Россиядан Кыргызстанга медиктердин экинчи тобу келип жатат.

Россия COVID-19га каршы вакцинасын сынап бүттү. Жалпы элге качан чыгат?

Биринчи топ Кыргызстанга 22-июлда конгон. Алар өздөрү менен кошо өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттан алты даана жана кычкылтек концентраторлорун, пульсоксиметр жана башка медициналык керектүү жабдууларды ала келишкен.