БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Россия Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүдө кандай жардамдарды көрсөткөнүн брифинг учурунда санап берди.
Анын айтымында, Россия тараптан жардам иретинде 110 миң ПЦР-тесттер жана аларга кошумча 1875 даана реагенттер берилди. Мындан тышкары, "Роспотребнадзор" мекемесинин жана Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин дарыгерлери вирус менен күрөшүүгө кол кабыш кылуу үчүн келишти. Ал эми бүгүн эртең менен Башкыртстандан Кыргызстандын ооруканаларында убактылуу иштөө үчүн дагы 50 медик учуп келди.
COVID: кол кабыш кылууга Россиядан дагы медиктер келди. Сүрөт түрмөк
Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 30 326 киши коронавирус (ооруканадан тышкаркы пневмонияны кошкондо) жуктурду. Алардын ичинен 16 791 бейтап сакайып, 1 169 киши каза тапты.