Ош: балдардын жугуштуу илдеттери боюнча эскилиги жеткен ооруканасы оңдоло баштады

Оорукананын имаратынын эскилиги жетип калгандыктан, коомчулук тарабынан нааразычылыктар айтылып келген.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасы толук капиталдык оңдоодон өтүүдө. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, учурда республикалык бюджеттин эсебинен оорукананын бир имараты толук оңдоодон өтүп, экинчи корпусунда иштер жүрүп жатат.

Калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов ремонт иштери менен таанышып келген.

"Бул оорукананын абалы оор болчу. Өлкө башчыбыздын тапшырмасы менен медицина тармагына өзгөчө көңүл бурулууда. Оорукананын чатырларын жаңылоого да тапшырма бердим. Алдыда ички жолдоруна дагы асфальт төшөлөт", — деди Сарыбашов.

Боронов: Бишкек менен Оштогу ооруканалардын курулушу ушул жумада башталат

Имараттын эскилиги жетип калгандыктан коомчулук тарабынан нааразычылыктар айтылып келген.