БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын колдоосу жана берип жаткан жардамы өзгөчө мааниге ээ экенин билдирди.
Ал брифинг учурунда мекендештер, кыргыз диаспоралар жана коомдук бирикмелер жеке каражатына медициналык жабдууларды жана медикаменттерди алып жөнөтүп жатышканын баса белгиледи.
COVID менен күрөшүү: Россиядан Кыргызстанга дагы 50 дарыгер келди
Ошону менен бирге эле Ниязалиев чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери дагы четте карап турбаганын айтат. Алар да өз чөнтөгүнөн керектүү дары-дармек жана меджабдууларды сатып алышкан.
“Азыркы тапта премьер-министрдин тапшырмасына ылайык, дипломаттар жеке коргонуу каражаттарын, дары-дармектерди, жабдууларды, реанимобилдерди издөө жана өлкөбүзгө жеткирүү менен алектенүүдө”, — деди Ниязалиев.
Ошондой эле алар өлкөнүн фармацевnтик компанияларга медикамент чыгарган өндүрүштөрдү табууга, сатып алуу жана Бишкекке жеткирүү процесстерине көмөктөшүп жатканын кошумчалады.