Арыктоо үчүн биринчи кезекте эмне кылыш керек? Диетологдун кеңеши

Адис белгилегендей, организмде витамин жана минералдар жетиштүү түрдө болгондо гана адам ашыкча салмактан арыла алат.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Калий организмден ашыкча суюктукту бөлүп чыгарат жана тезирээк арыктоого жардам берет. Бул тууралуу диетолог Елена Календин айтымына таянып РИА Новости маалымдады.

Диетолог белгилегендей, организмде витамин жана минералдар жетиштүү түрдө болгондо гана адам бат арыктайт. Витамин жана минералдар майды эритип, денеден суюктукту бөлүп чыгарат. Адис бул процессте калий маанилүү роль ойной турганын белгиледи.

Диетолог: ак нан, колбаса, тез татымдан баш тарткан оң

"Тери жана заара бөлүп чыгаруучу система аркылуу калий организмден суюктукту айдайт. Денеде суу көп топтолуп калганда ал жакта саз пайда болот дагы нерв импульстарын нерв жолдору менен өткөрүү кыйынга туруп калат. Жыйынтыгында адам чарчаңкы абалда, алсыз болуп, теринин түсү бузулат", — деген адис.

Окумуштуулар: ачытылган капуста коронавирустун кесепетин жеңилдетет

Диетолог калий өсүмдүктүн бардык түрүндө, үндүк жана сүттүн курамында көп болорун айткан. Ошондой эле төө буурчак, деңиз капустасы, брокколи, картошка (сууга бышкан), какао, миндаль дагы калийге бай.