COVID: кол кабыш кылууга Россиядан дагы медиктер келди. Сүрөт түрмөк

Sputnik

Ак халатчандарды алып келген учак "Манас" аэропортуна конгон. Коронавирус менен күрөшүүгө келген медиктердин басымдуу бөлүгү Башкыртстандын адистери. Арасында анестезиолог, реаниматолог, инфекционист, кардиолог, пульмонолог, хирургдар бар.

Ушуну менен эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүсү боюнча Россиядан Кыргызстанга медиктердин экинчи тобу келип жатат.

Россиялык медиктер кыргызстандык кесиптештерине жардам берүүгө келди. Сүрөт түрмөк

Биринчи топ Кыргызстанга 22-июлда конгон. Алар өздөрү менен кошо өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттан алты даана жана кычкылтек концентраторлорун, пульсоксиметр жана башка медициналык керектүү жабдууларды ала келишкен.

1 / 10
Таң эрте Бишкекке коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн Россиядан дарыгерлер келип конушту
2 / 10
Дарыгерлер Кыргызстанда 30 күндөй болушат
3 / 10
Келгендердин арасында анестезиолог, реаниматолог, инфекционист, кардиолог, пульмонолог, хирургдар бар
4 / 10
Медиктердин басымдуу бөлүгү Башкыртстандын адистери
5 / 10
Ушуну менен эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүсү боюнча Россиядан Кыргызстанга медиктердин экинчи тобу келди
6 / 10
Биринчи топ Кыргызстанга 22-июлда келген эле
7 / 10
Бардык дарыгерлердин жугуштуу оорулар менен күрөшүү боюнча чоң тажрыйбасы бар
8 / 10
Жакынкы күндөрү Россиядан Кыргызстанuа гуманитардык жардам келерин айтышты
9 / 10
Медиктер Кыргызстандагы инфекциялык ооруканаларда иштеп, аны менен катар кеп-кеңеш беришет
10 / 10
Адистер алгач Кыргызстандагы кырдаал менен тыкыр таанышып чыгат