БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда Mercedes жана Honda Inspire автоунаалары кагышып, андан эки киши жабыркаганын агенттикке Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын маалымат катчысы Байгазы Айтикул уулу билдирди.
Анын билдиришинче, кырсык кечээ, 22-июлда, болжол менен саат 23:00дө Киев көчөсү менен Эркиндик проспектисинин кесилишинде болгон.
"Эки автоунаа тең бир багытта, батышты көздөй бара жаткан. Mercedes жөө кишилер өткөн чийинге токтогон учурда артынан Honda Inspire келип сүзгөн. Экинчи автокөлүктүн ичиндеги эки киши жабыркап, ооруканага алып кетишкен", — деди маалымат катчы.
Ысык-Көлдө жеңил автоунаа менен кагышкан комбайн оодарылып калды. Сүрөттөр
Учурда ал окуя териштирилип жатканын, кошумча маалымат берерин убадалады.